Дарья Маслова Азия оюндарында дагы бир медаль утту

Жөө күлүк Дарья Маслова Жайкы Азия оюндарында 5 миң метр аралыкка чуркап, күмүш медаль тагынды. Ал маарага 15 мүнөт 30,57 секундда келген. Атаандашынан дээрлик 22 секунд артта калган. 

Баш байгени бахрейндик Калкидан Бефкаду колго киргизди. Жалпы болуп 15 спортчу мелдешке катышкан.

Ошентип, Дарья Маслова Кыргызстан капчыгына экинчи медалды алып келди. Ал буга чейин 10 чакырым аралыкта маарага биринчи болуп келип, алтын медаль уткан болчу.

Азыр Кыргызстан 2 алтын, 6 күмүш, 9 коло  медаль менен 21-орунда келе жатат. Жалпы эсеп боюнча алдыңкы үчилтикте  азырынча Кытай, Япония, Түштүк Корея бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген