Дары-дармектерди аткезчилик жол менен алып өтүү фактысы аныкталды

Кыргызстандын аймагына дары-дармектерди аткезчилик жол менен алып өтүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылдын 5-январында “Чоң-Капка авто-жол” контролдук өткөрүү пунктунда дары-дармектерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылуу учурунда “Т.А.” аттуу жарандын башкаруусунда “Вольво” үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Унааны текшерүү учурунда, жалпы суммасы болжол менен 10 миллион сомдон ашык болгон, ар түрдүү товарлар деп катылган, 224 кутуча дары-дармектер табылды. Ошол эле учурда бул дары-дармектердин тиешелүү документтери жок болуп, ташуудагы милдеттүү шарттар аткарылган эмес.

Белгилей кетсек, бул унаа Россия Федерациясынан келип, Кыргызстандын түштүк аймактарын көздөй бара жаткан.

Учурда бул фактынын жагдайларын тактоо, анын ичинде,аткезчилик жүктүн келип чыгышын жана чыныгы ээлерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.