Дарбазачы Симон Минолье кыргызстандык фанатына өзүнүн футболкасын белекке берди

Футбол боюнча Бельгия курама командасынын дарбазачысы Симон Минолье өзүнүн футболкасын 21 жаштагы кыргыз жигитке тапшырды. Бул тууралуу жаш фанат Арсен Алтыбаев өзү билдирди.

Буга чейин Бельгия курама командасынын жана “Ливерпуль” футбол клубунун дарбазачысы Симон Минолье өзүнүн Twitter баракчасына Арсен Алтыбаевдин сүрөтүн жайгаштырган болчу. Анда жаш колдоочу “Mignolet can I have u’r t-shirt?” (Минолье, мен сенин футболкаңды алсам болобу?)деген жазуусу бар плакат кармап турган эле.

Кыргызстандык жигит максатына жетип, Минолье ага футболкасын белекке берген.

“Мен кичине кезимден бери “Ливерпуль” командасын колдойм. Андан тышкары Минольенин көптөн берки фанатымын. Мен аны мыкты оюнчу катары эле эмес, жакшы адам катары баалайм. Мага анын жайдары мүнөзү, башка оюнчуларды колдогону, башкаларга жардам бергени, эмгекчилдиги жагат. Чындыгында ал жакшы адам”,- дейт Арсен Алтыбаев.

 

Ал эми Симон Минолье Twitter баракчасына фанаты экөөнүн сүрөтүн киргизип, “Twitter, биз аны таптык. Кыргызстандан Россияга атайын келген Арсен. Анан албетте, ал менин футболкамды алды. Мен соцтармакты кандай жакшы көрөм. Баарыңарга рахмат”,- деп жазган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген