Дарак ыры: алгачкы кыргыз мюзиклинен керемет кадрлар

Жазында “Дарак ыры” деп аталган тарыхый мюзикл чоң экранда көрсөтүлөт. Сценарийди жазууга  режиссер жети жыл убакыт кетирген.  Ондогон жерлер, жүздөгөн актерлор жана атайын тигилген эки жүз костюм. “Ынтымактын” өнөктөшү – “Мейкин Азия онлайн”  деги эле Борбор Азиядагы алгачкы тарыхый мюзиклди тартуу кандай жүргөнүн айтып берет.  

Кыргыз тилиндеги тарыхый мюзикл көчмөндөрдүн жашоосу тууралуу.  «Централ Азия Фильм» Cinetrain компаниясы менен бирге жараткан тасма  ушул жылдын март айында чоң экранга чыгат. Окуя XVIII кылымды көрсөтөт.  Тасманын өзөгүндө кыргыз баяны жатат. Алыскы айылдагы эки ашыктын махабаты баяндалат. Сюжет боюнча кыз бай үй-бүлөдөн, а жигит – кедей.  Жашоо аларга сыноолорду берет, бирок алар баарын жеңе алат.

Мюзиклдин өзөгүн эки ашыктын махабаты түзөт

– Бул анык бир адам тууралуу эмес, бул элдин турмушунан алынган окуялар жана адамдык баалуулуктар жөнүндөгү тасма, – дейт мюзиклдин режиссеру Айбек Дайырбеков. Ал сценарийдин үстүндө жети жыл бою иштегенин айтты. “Курманжан Датка” тарыхый тасмасынын режиссеру Садык Шер-Нияз менен бирге сценарийди өткөн жылы бүтүп, дароо тартуу иштерин башташкан.

Тартуу иштерине тасма автору эң кооз жерлерди тандады, 50 актер жана массовкага 1100 адам тартылды. Албетте, тарыхый мюзикл укмуш чыкты. Кадрда ошол доордун керемет костюмдарын, тиричилик буюмдарын жана башка белгилерин көрүүгө болот. Атайын тасма үчүн 200 костюм тигилип, 17 ыр жазылды.

Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги тартуу иштери

Башкы каарманды Кыргыз драма театрынын актеру Өмүрбек Израилов ойнойт.

Анын өнөктөшү болсо казакстандык актриса жана ырчы Салтанат Бакаева.

Базарбай — Темирлан Сманбеков.


Мюзикл чындыкка жакын болуш үчүн аны павильондо эмес, оор шартта,  дайыма катуу шамал соккон бийик тоо, жайлоолордо тартышкан. Бул үн режиссер Бакыт Ниязалиевдин ишин бир топ эле кыйындатты, бирок ал үндөрдү тунук жаза алды.

– Жалпысынан баары эле музыка укканды жакшы көрөт, бирок мага кыргыздар  өтө ыр жандуудай сезилет. Тасмада ар кандай ырлар бар, анткени бул абсолюттук драма эмес, аны насаат баяны, укмуштуудай окуя десе да болот, романтикасы да бар, ошол эле учурда мааниси боюнча көп кырдуу жана терең. Мен материалды Айбек менен чогуу көргөм, ал кыргыз киносунун сыймыгы болушу керек деп эсептейм. Бул автордук же тар чөйрө үчүн тартылган тасма эмес, ал көрүүчүлөргө ылайык, ошол эле учурда терең кино, бул чанда кездешет. Мен тасманы эки жолу көрдүм,  тилди түшүнбөсөм да, эки жолу тең көзүмө жаш алдым, -деп өз таасирлери менен бөлүштү Cinetrain компаниясынын продюсери  Татьяна Петрик.

“Мейкин Азия онлайн»  «Дарак ыры” мюзиклинин тартылуу учурларынан сүрөттөрдү топтоду.

МАОнун маалымат бурчу:  

Cinetrain — бул кинопоезд. Ар кайсы өлкөдөн куралган кинематографисттердин жети чоң тобу поездде жүрүп отуруп, документалдык тамса тартышкан. Кийин тартылгандын баарын бир картинага бириктиришкен. Бет ачары Канн фетивалында өттү. Бүгүнкү күндө компания Орусиядагы эл аралык топтор менен тасма тартып жүрүшөт.

Сүрөттөр менен видеону мюзикл режиссору Айбек Дайырбеков берди. 

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar