Данияда 3D жөө адамдар өтүүчү өтмөктөрү ачылды

Даниянын Орхус шаарында жөө адамдар үчүн “инновациялык” өтмөктөр пайда болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, алар дээрлик “салттуулардан” айырмаланбайт жана мүмкүн болушунча реалдуу көрүнөт. Зебралар ак блоктор сыяктуу жолго илинип, көлөкө түшүрүшкөндөй көрүнүштө.

Азырынча шаарда 3D форматында үч гана өткөл бар.

Күздүн аягына чейин мындай иновациялык жабдуулар борбордогу бардык мектептердин алдында пайда болот. Бирок, кээ бир айдоочулар кооптонуп, мындай жаңыланууну жактырышкан жок.

Азырынча, шаар бийлиги шаардыктардан маалыматтарды чогултууда жана жаңы белгилердин жол абалына кандай таасир этерин изилдеп жатышат – жакынкы аралыкта андан баш тартышы мүмкүн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.