Дагы бир медресе кесиптик билим берүү долбооруна кошулду

Жалал-Абад шаарындагы медресенин өспүрүмдөрү кошумча кесиптерге ээ болушат. Буга чейин диний билим менен гана чектелген жаштарга эми “Медресе жаштарын кесипке үйрөтүү” долбоорунун алкагында 10го жакын түрдүү багыттар боюнча адистиктер окутула баштады.

Жалал-Абаддагы “Аз-Захра “балдар медресесиндеги 30га чукул бала эми бир гана дин багытында эмес, кошумча кесип үйрөнөт. Медресе жетекчилиги атайын долбоордон кол өнөрчүлүк багытын тандап алган. Ал үчүн медресеге 260 миң сомдук эмерек куроочу жабдык шаймандары менен тапшырылган.

“Биз аталган долбоор менен 3 жылдык келишим түзгөнбүз. Келишимге ылайык, долбоордун уюштуруучулары балдарыбызды 3 жыл каржылап, окутуп берет. Андан нары өзүбүз улантып кетебиз”,- деди “Аз- Захра” балдар медресесинин жетекчиси Нурдинбек Рустамбек уулу.

Долбоорго өлкө боюнча мындан башка дагы 10 медресе катышууда. Аларга АКШнын Кыргызстандагы элчилиги 3,5 миллион сом каражат бөлгөн. Бул суммага медреселер өздөрү тандаган кесипти үйрөтүү үчүн шаймандарды алышат. Эми алар атайын курстарды окутуу менен окуучуларына сертификаттарды да  тапшырмакчы.

“Бизге тигүүчү машиналарды берген. Жалпы 330 миң сом жардам берилди”,- дейт “Имам-Азам”медресесинин жетекчиси Исмаил Сайназаров.

Буга чейин аталган долбоорго 15 медресе катышып, жыйынтыгы жакшы болгонун билдиришкен. Алардын бири Баткен облусунун Кадамжай районундагы “Имам-Азам” медресеси. Аталган билим уясында 70ке чукул кыздар болгондуктан, тигүүчүлүк кесипти тандап алышкан.

“Мурда медресени бүткөн жаштар андан ары эмне кылышты билишчү эмес. Ошондуктан, бул долбоор жаштарга жакшы жардам болот”,- дейт «АВЕП» коомдук фондунун жетекчиси Нурлан Токонов.

“Медресе жаштарын шыктарга окутуу” долбоору 2014-жылдан бери иш алып барат. Анда түрдүү багыт боюнча кесиптер акысыз үйрөтүлөт. Буга чейин медреселерди аяктагандардын документтери эч бир жумушка жарабай, нааразычылыктар жаралган эле. Аталган долбоор көйгөйлөрдү чечип, кесипке үйрөтүп, жумуш менен камсыз кылууну максаттаган.

Сюжет: Кабылбек Көчкөнбай уулу, Шайыр Зайырбек уулу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген