Дагы 4 адам көз жумуп, 400 жарандан коронавирус табылды

Өткөн суткада 400 адамдан коронавирус илдети аныкталды, алардын бешөөсү медицина кызматкерлери. Ошондой эле дагы 4 бейтаптын каза болгондугун республикалык штабдан билдиришти.

Көз жумган жарандар Баткен облусунун(2), Бишкек шаарынын (2) тургундары болушкан. Жалпы көз жумгандар 1 миң 159ду түздү.

Вирустун жаңы катталган учурлары:

Бишкек – 88;
Ош – 9;
Чүй облусу – 59;
Ош облусу – 33;
Талас облусу – 4;
Нарын облусу – 7;
Ысык-Көл облусу – 35;
Жалал-Абад облусу – 97;
Баткен облусу – 68.

Жалпы 60 миң 279 адамдан коронвирус илдети аныкталды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген