Дагы 12 кыргызстандык Ооганстандан эвакуацияланды

Дагы 12 кыргызстандык Ооганстандан эвакуацияланды. Бүгүн алардын 11и Бишкек аэропортуна учуп келишти. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты.

«Кыргызстандын Катар мамлекетиндеги элчилигинин жардамы менен 2021-жылдын 23-августунда саат 04: 40та Доха-Дубай-Бишкек авиакаттамында Кыргызстандын 11 жараны келишкен, алар мурда америкалык тарап тарабынан уюштурулган атайын рейс менен Ооганстандан Катарга эвакуацияланган. Элчилик тарабынан жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, иш берүүчүлөр кыргыз жарандарына көрсөтүлгөн каттам боюнча авиабилеттерди алып беришти », – деп билдиришти ТИМден.

Мындан тышкары, КРнын Ооганстандын элчилигинин жардамы менен кечээ, 22 -августта бир жаран Кабулдан Алматыга атайын рейс менен кошумча түрдө эвакуацияланган.

Белгиленгендей, Ооганстандын аймагында калган Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн имаратында коопсуз абалда жана жакынкы аралыкта мекенине кайтарылат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.