Дача-СУ айылынын тургундары коопсуз жайга көчүрүү талабын коюшту

Авиакырсык катталган Дача-СУ айылынын тургундары кечээ, 14-мартта тынчтык митингине чыгып, бийликке коопсуз жайга көчүрүү талабын коюшту. Митинг 200гө жакын адам катышуусу менен өттү.

Алар 39 адамдын өмүрүн алган кырсык дагы  кайталанышынан кооптонушат.

Буга чейин элден гана жардамдар келип, бийлик жашоочулардын коопсуздугу тууралуу ойлонбой жатканын айткан дачасулуктар 15 пункуттан турган кайрылуу кат даярдашты. Ал өлкө башчыга жолдонуп, талаптар он күн аралагында аткарылышы суралган. Эгер чара көрүлбөсө тынчтык митинги 24-мартта уланат.

Айылдыктар каза тапкандарга берилүүчү кун акчаны төлөө маселесине да токтолушту. Анткени Түркиянын АСТ авиакомпаниясы  кенемте төлөп берүүнү аткара элек.

Кырсык ушул жылдын 16-январында катталып, 39 адамдын өмүрүн алып, 23 үйдү жараксыз кылган. Арадан үч ай өткөнү менен айылдыктардан коркуу сезими кете элек. Дача-СУ Чүй облусунуна караганы менен айыл статусу берилген эмес. Андыктан айылдыктар мектеп, бала бакча жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна жетпей, башка районго барууга аргасыз.

Сүрөт: kloop.kg

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz