Дааватка тыюу салуу демилгеси талкууга түштү

Кыргызстанда дааватка тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору сунушталды. Демилгени өкмөт көтөрүп чыкты. Эгер документ колдоо тапса, мыйзамсыз үгүт-насаат иштери жазаланып калат.

“Өзүнүн диний көз карашын жайылтуу үчүн үйлөрдү кыдыруу жана бардык эле мыйзамсыз үгүт –насаат иштерине тыюу салынат”, – деп айтылат мыйзам долбоорунда.

Ушул эле мыйзам боюнча мамлекеттик текшерүүдөн өтпөгөн диний багыттагы адабияттарды, медиафайлдарды жайылтууга, лицензиясы жок туруп, билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынат.

Бул мыйзам долбоору азыр социалдык тармактарда талкууланып жатат.

Айрым колдонуучулар  террорчулук күч алып жаткан маалда бул орундуу эле сунуш болот деп жазышса, башкалары салтуу Ханафи мазхабдан башка агымдарды  чектеш керек деп эсептешет.

Дааватчылык “Таблиги жамаат” уюмуна таандык саналып келет. Алардын ишмердүүлүгүнө бир катар өлкөлөрдө тыюу салынган. Кыргызстандын муфтияты диний үгүттүн бул түрүн эбак системага түшүргөнбүз деген менен дааватчылык пайда-зыяны улам күн тартибине чыгып келет.

“Дааватчынын кийген бут кийимин кийип, ал баскан жолду басып, уккан сөздү угуп, илиминдей илим издеп, даават жолунда жашоосун садака кылып, жакшылыкка үндөп, жамандыктан кайтарып, өмүрүнүн бир азын ошолордой өткөзсө, дааватчынын баркын билет беле”, -деп жазды колдонуучу Перизат Кыргызбаева.

Башкы сүрөт: Азаттык

 

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.