Даараткана адеп-тартиби

Фикх жана хадис китептеринде маанилүү темалардын бири – бул даараткана адеби болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө көпчүлүк адамдар даараткана тартибин билеби? Ошол тартипти күнүмдүк жашоодо карманабы?

Таза талапка ылайык даараткана ден соолука өбөлгө. Таза эмес даараткана  оору чогултуунун очогу болуп эсептелет. Ал эми ажатканалар сизди канааттандырабы? Бул суроолор менен шаар тургундарынын пикирлерин угуп көрдүк.

Дааратканадан чыккандан кийин колду самын менен жуу зарыл жана дааратканада себепсиз сөз сүйлөбөө керек. Алла Тааланын же Пайгамбарыбыздын аты же аят-хадис жазылган шакек, кагаз сыяктуу нерселерди алып кирбөө керектиги айтылып келет. Ажаткана тартиптери тууралуу төмөнкү видеодон көрсөңүздөр болот.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген