Дүмбүл саткандар бир күндө канча пайда табат?

Кыргызстанда дүмбүл сатуунун жаңы багыты жолго коюла баштады. Айрыкча Ош-Кара-Суу жолунун боюнда дүмбүл жеринен бышырылып, кардарларын тейлеп келет.

Соодагерлер кардарларга ыңгайлуу болуусу үчүн чоң жолдун боюна казан асып, дүмбүлдү сууга кайнатып сатышууда. Каалоочуларга буюртма аркылуу чокко да бышырып беришет.

“Кардарлардын каалоосуна карап дүмбүлдөрдү сууга же чокко бышырып беребиз. Майлап, мүмкүн болушунча жеген адамга жагымдуу кылып бергенге аракет кылабыз. Жакшы пайда түшөт, күнүгө 1500- 2000 сом пайда табабыз”,- деди сатуучу Филюра Саидмаматова.

Сатуучулардын айтымында, кардарлар дүмбүлдү жаңы бышкан жеринен алып жегенди жактырышат. Жүгөрү толук катый элек дүмбүл мезгилинде калориясы көп болгондуктан, аны байма-бай жеп туруу зарыл.

Абдимажит Абылаевдин айтымында, Улуу Ата Мекендик согуштан кийин ачарчылык болуп, дүмбүлдү жалпы эл жеп калган. Бала кезде көп жегендиктен, азыр да жегибиз келе берет деген Абдимажит Абылаев аларга дүмбүлдү бышырып жеш керек экендигин чечен улутундагылар үйрөткөн.

“Биздин Баш- Булак айылыбызга чечендер көп келип, ошолордон үйрөнгөнбүз, сууга кайнатып, чокко бышырып жегенди. Согуш маалындагы дандын жоктугу, тамак- аштын тартыштыгы бизди ушуга түрткөн”,- дейт Кара-Суу районунун тургуну Абдимажит Абылаев.

Ош облусунун аймагында жүгөрү мөмө байлай элек болгондуктан, дүмбүлдөр Шамалды-Сайдан алып келинет. Ал атайын эрте бышуучу сорту болуп, 65-70 күндө бышып жетилет. Ар бир даанасын 10-12 сомдон алып, бышканы 20 сомдон сатылат. Андан чыккан калдыгы малга  тоют катары берилет.

Ош-Кара-Суу жолунда дүмбүл бизнесин уюштургандар ар 15-20 метр аралыкта жайгашып, жүз чамалуу адам эмгектенет.

Сюжет: Чынарбек Алипбеков Нурсултан Абдыкерим уулу.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген