Дүйшөнбек Зилалиевге катуу сөгүш берилди

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Дүйшөнбек Зилалиевге катуу сөгүш берилди. Тиешелүү буйрукка бүгүн, 4-октябрда премьер-министр Сапар Исаков кол койду.

Мындай дисциплинардык чара шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча комиссиясынын чечиминин негизинде 2017-жылдын 24-сентябрында кабыл алынган.

“КРнын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча комиссиясынын чечими боюнча  өкмөтүнө  вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин жоопкерчилигине карата көрүлгөн дисциплинардык чараны мындан да катуураак чарага өзгөртүү боюнча көрсөтмө берилген”, – деп айтылам өкмөттүн маалымат кызматынын маалыматында.

Эскерте кетсек буга чейин, 21-сентябрда,  премьер-министр Сапар Исаков вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге эскертүү берип, президенттик шайлоого карата уюштуруу, техникалык маселелерине жана шайлоо комиссияларынын даярдыгына көмөк көрсөтүү боюнча  республикалык штабдын төрагасынын милдетин вице-премьер-министр Темир Жумакадыровго жүктөгөн.

Аталган чечим премьер-министр тарабынан ЖМК Дүйшөнбек Зилалиев  президенттикке талапкерлердин бирине жеке көз карашын билдиргендигине байланыштуу кабыл алынган.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген