Дүйнөнүн 40 млндон ашык жашоочусу кулчулукта жашайт. Статистика

Бүгүнкү күндө 40 млндун тегерегиндеги дүйнөнүн жашоочусу кулчулукка кабылгандар. Бул тууралуу Эл аралык эмгек уюму маалымдайт.

Дүйнө мамлекеттеринин мыйзамдарында кулчулук тууралуу түшүнүктөр жок болгону менен, анда адам сатуу, сексуалдык кулчулук, балдарды иштетүүнүн эң начар түрлөрү, аргасыздан никеге туруу, кызды сатуу(калың алуу) жана башка түрлөрү кеңири жайылган. Учурдагы заманбап кулчулукка кабылгандар коркутуп-үркүтүүнүн, зордук-зомбулуктун, мажбурлоонун, алдамчылыктын жана бийликти кыянаттык менен пайдалануунун курмандыгы болушат.

Мындан тышкары дүйнөдөгү балдардын ондон бири иштеп, акча табууга мажбур, б.а 150 млн бала эмгекке тартылган.

Статистика:

40 млн 300 миңдин тегерегиндеги адам заманбап кулчулуктун курмандыктары;

24 млн 900 миң адам аргасыз эмгектин курмандыктары;

15 млн 4 00 миң дүйнөнүн жашоочусу мажбурлап никеге тургузулгандар;

1000 адамдын бири заманбап кул сатуучулардын курмандыгы болууда, анын 4/1 бөлүгү жаш балдар;

Аялдар менен кыздар бардык курмандыктардын 99%ын түзөт. Анын 58%ы жыныстык кызмат көрсөтүү тармагында болсо, калганы караңгы экономикасына туш келгендер.

Кулчулукка каршы күрөшүүнүн күнү 2-декабрда белгиленет. Бул күн- адам сатууга жана сексуалдык кулчулукка сатууга каршы күрөшүү күнү катары да белгиленет. Бул датаны белгилөөнүн негизги максаты- кулчулуктун заманбап түрлөрүн жок кылуу болуп саналат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.