Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын башка өлкөгө берүү маселеси каралууда

Учурда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү эстафетасын башка өлкөгө, балким Туркияга  өткөрүп берүү маселеси каралууда. Бул маселе Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын 1-2-сентябрда Кыргызстанга жасаган расмий сапарынын алкагында каралат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылышына Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин, Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын жана Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбандын келиши күтүлүүдө.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева, өлкөнүн экс-президенттери Роза Отунбаева жана Алмазбек Атамбаев, ошондой эле белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылган.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи 2018-жылдын 2-сентябрында Чолпон-Ата шаарында өтөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген