Дүйнөлүк дарыгерлердин эки тараптуу изилдөөсү: коронавирус жаш балдар үчүн кооптуубу?

Кечээ, 24-мартта өлкөдө коронавирус менен катталган 26 адамдын ичинде жаш балдардын да бар экендиги калкты бир топ убайымга салды. Мындан улам, аталган илдет балдар үчүн канчалык кооптуу экенин изилдеген дүйнөлүк дарыгерлердин чыгарган жыйынтыктарын карап көрдүк.

Буга чейин эл арасында вирус балдарга жеңил түрдө гана жугат экен деген кептер айтылып келген. Америкалык изилдөөчүлөр вирус жуктурган 44,672 адамдын 1%ы гана балдар экендигин аныктап чыгышкан жана 1 023 баланын арасынан өлүм катталбаганды белгилүү болгон.

Мындан улам орто жаштагы жана кары-картаңдардын өмүрүн алып жаткан Сovid-19 жаш балдар арасында эмне үчүн коопсуз деген суроо окумуштууларды кызыктыра баштаган.

“Кары картаңдар жашоосунда ар кандай: жөтөл, суук тийүү сыяктуу ооруларга чалдыга беришип, организмдери алсыз болуп бүткөн. Ошондуктан вирусту тез эле кабыл алышы мүмкүн. Ал эми балдардын иммундук системасы токтоосуз өсүп жаткандыктан, коргоого алынган. Ошондуктан балдар жеңил гана түрүнө кабылат да, тез эле айыгып кетет”,- деген  Йель университетинин изилдөөчүсү Акико Ивасаки.

Ивасаки кошумчалагандай, балдар коронавирустун жеңил гана түрүнө кездешет деген- вирус аларга таптакыр коопсуз дегенди билдирбейт.

“Балдарда вирустун белгилери жок болсо да, алардагы инфекциянын чоңдорго жугуу коркунучу жогору. Андыктан, гигиеналык эрежелер балдарда да чоңдордой эле так сакталышы керек”,-дейт изилдөөчү.

Ал эми Кытайдын Шеньчжень шаарында жүргүзүлгөн изилдөө таптакыр тескери жыйынтыкты көрсөттү. Кытайлык жана америкалык эпидемиологдор вирус чоңдорго кандай жукса, балдарга да ошондой таасир берет деген жыйынтыкка келишкен.

Анда изилдөөчүлөр вирус менен жабыркап жаткан 391 адамды жана алар менен байланышта болгон 1 286 адамды байкап көрүшкөн. Натыйжада, жуктуруп алгандардын 7%ы жаш балдар, 8%ы чоң адамдар болгону аныкталды.

“Бул-балдар деле чоңдор сыяктуу вирусту жуктуруп алат деген эң биринчи, так далил”,-деген Гонконг университетинин эпидемиолог-инфекционисти Бен Коулинг.

Чыгарылган жыйынтыктардын кайсынысы чындыкка жакыныраак деген суроо менен айрым өлкөлөргө көз чаптырдык:

Бизге жеткен маалыматтардан улам Германияда 32 991 илдетке чалдыккандар болсо, 4өөсү балдар, Москвада 495 оорулуунун 3өөсү жаш балдар, ал эми Украинада 97 адамдын 3өөсү балдар экени белгилүү болду.

Кыргызстанда коронавирустун дагы 26 жаңы учуру катталды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген