Дүйнө кезген “Делбирим”

Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” повести – эки аты бар бир эле чыгарма. Ал элге эки аты менен тараган: биринчиси – “Кызыл жоолук жалжалым”, экинчиси – “Делбирим”.

Чыгарма адегенде кыргыз тилинде жазыла баштаган, себеби “Советтик Кыргызстан” газетасынын 1959-жылдын “Долондун кан жолунда” деген ат менен үзүндүсү чыга баштайт да, ошол бойдон кыргыз окурмандарын сумсайтып, көздөн учат. Кийин орусча аталыштада чыгып, чыгарма авторго 1963-жылы Ленин атындагы сыйлык алуусуна салым кошкон.

Кыргызчанын үзүндүсү 1959-жылы кайрадан чыга баштап, Долондогу махабат баянынын толук чыгышы узаргандан узарып кеткен, 1981-жылы гана  арадан 22 жыл өтүп жазуучунун шекерлик иниси Ашым Жакыпбековдун котормосунда “Делбирим” деген ат менен ала-тоолуктардын эне тилинде жарыяланган.

Бул повестте армандуу махабат баяны көрсөтүлгөн. Илияс менен Аселдин сүйүүдөн тургузган үй-бүлөсүнүн бири-бирин түшүнө албастыктан кыйроосу, Илиясты жакшы көргөн Катийча жана Аселди жакшы көргөн Байтемир – төртөө тең өз-өз ордунда туруу менен, төртөө төрт башка мүнөздү алып жүрүп, бир дарыяга куйган өзөндөрдөй төртөө ыйык махабат дайрасына өз тагдырлары менен кошулуп турат.

   

Повесть басма сөздө жарыяланары менен эле кино режиссёр Сахаров жактырып, “Кыргызфильм” киностудиясында “Ашуу” фильмин тарткан. Бирок фильм ийгиликсиз болгон.

Экинчи жолу бул адабий чыгармага “Мосфильм” киностудиясы да кызыгып, режиссёр Ирина Поплавская “Мен – Тянь-Шань” деген фильм тартат. Токтогул ГЭСине жүк ташып, чиркегичин кырсыкка кабылткан жаш айдоочунун армандуу махабаты 1973-жылы 19-мартта премьера катары көрсөтүлүп, прокаттан чоң каражат алып келген. Ошол жылы Москвада театралдык институтта билим алып жаткан Дүйшөн Байдөбөтов Илиястын, Назира Мамбетова Катийчанын ролун аткарып, ысымдары дароо жалпы союзга дүң болгон.

Чыгарманы үчүнчү жолу түрктөр тартат. Режиссёр Атил Йылмыз “Selvi Boylum Al Yazmalim” (“Кызыл жоолук”) деген фильм тартып, 1980-жылы экранга чыгарат.

Андан кийин, түрктөр “Кызыл жоолук жалжалым” повестинин негизинде телесериал тартышып, 2011-жылы сентябрь айында көрсөтө башташкан. Мурунку тартылган фильмде Аселдин ролун ойногон түркиянын белгилүү актрисасы Түркан Шарайдын айтымында, тасманын жаңы актерлордун катышуусу менен кайрадан тартылышы көпчүлүкө жагып, көрүүчүлөрдүн купулуна толгон.

Чыңгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” повести “Долон” деген ырдын жазылышына да себеп болгон. 1966-жылы Нарын музыкалык драма театры Айтматовдун аталган повесттин сахналаштырып, ага созун Жумамүдүн Шералиев, обонун Калыйбек Тагаев менен биргеликте “Долон” ырын жаратышкан. Аны Сагыйпа Чечейбаева аткарып, ырдап чыккан. Арадан көп жыл өтсө деле бул ыр эң кеңири таралган чыгармалардын катарына кирет.

Ал эми повесттин негизинде композитор Владимир Власов “Асель” балетин жазган, 1967-жылы 7-ноябрда бет ачаары Чоң театрда коюлганда Москвалык көрүүчүлөрдүн арзуусун арттырган. Андан кийин бул чыгарма дүйнө кыдырып кеткен. Бир эле чоң театрда репертуарынан түшпөй 1975-жылга чейин 72 жолу коюлган.

“Асель” балетин Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры да даярдаган. Бет ачары 1967-жылы 29-октябрда болуп өткөн. Балетмейстер – Уран Сарыбагышов, дирижёр – Калый Молдобасанов, Асель – Бүбүсара Бейшеналиева аткарышкан.

Повесттин негизинде акын Сүйүнбай Эралиев “Ырым – сен” аттуу драмалык поэмасын жазса, композитор Мукаш Абдраев “Илиястын баяны” аттуу симфониялык чыгарма берген. Казактын белгилүү акын-жазуучусу, обончусу, домбрачы Илья Жаканов Аселге арнап “Асель” деген ыр жазып, ага обон чыгарган. Дагы бир обонду Жолдошбек Бусурманкуловдун сөзүнө  Жекшен Тагаев өткөн кылымдын 80-жылдарынын башында обон чыгарган, ал ырды эл арасына Түгөлбай Казаков, Анарбек Ибраев, Асылбек Өзүбеков, Мирбек Атабеков ж.б. таланттуу аткаруучулар таратып жүрөт.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген