Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 30 млнго жетти

Дүйнөдө COVID-19 илдетин жуктуруп алуунун 30 млн учуру катталды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди.

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму Европа өлкөлөрүндө коронавирусту жуктуруунун учурлары өсүп жатканын эскертет. Онлайн тартипте өткөн маалымат жыйынында ДССУнун Европадагы аймактык директору Ханс Клюгге учурда ооруга көп чалдыгуулар 25 жаштан 41 жашка чейинки адамдардын арасында байкалып жатканын билдирди.

Вирус эң көп катталган өлкөлөрдүн алгачкы төрт сабын АКШ, Индия, Бразилия жана Орусия түзөт.

Ал эми өлкөбүз Кыргызстанда да акыркы суткаларда вирус жуктуруп алган бейтаптардын санынын өскөнүн байкоого болот. Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдагандай, 18-сентябрга карата 91 адамдан илдет табылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген