Дүйнөдөгү жаш миллиардерлер кимдер?

Дүйнө жүзүндө бай адамдар абдан көп. Алардын көпчүлүгү улгайган инсандар. Бирок алардын катарында жаштар да бар. Алардын сап башында Марк Цукерберг турат. Анын каражаты 57 млрд долларга жакын. Жаш экенине карабай, дүйнө жүзүндө эң бай инсандардын катарын толуктап келгендерден дагы кимдер бар?

Марк Цукербергдин акчасын кыргыз валютасына алмаштырганда 4 триллион сомго жакын болот. Цукерберг “Фейсбук” социалдык баркачасын ачкандан кийин атактуулукка гана жетпестен, акча да көп таба баштаган. Бирок ал Facebookтун акцияларынын 24%на гана ээлик кылат. Азыркы тапта компаниянын аткаруучу директору. Учурда Facebook баракчасын 1 млрд.дан ашык адам официалдуу түрдө колдонот.

 

Ян Хуэйянь – Кытайдын эң бай айымы. Анын атасы Country Garden Holdings аттуу курулуш  компаниясын жетекетейт. Яндын атасы 1990-жылдары жөнөкөй эле фермер болот. Ошол убакта ал кредитке бир нече жер тилкесин сатып алган. Ал эми 95-96-жылдары Кытайда куруучулук иштери башталганда Яндын атасы ошол тилкелер менен алгачкы капиталын курган. Азыр анын ишканасы – Азияда лидер компанияларынын бири. Ал эми Ян болсо компаниянын акционери болуп саналат. Учурда анан кирешеси 6 млрд  долларга жакын. Бул сумма 400 млрд сомдон ашат.

 

Дастин Московиц Марк Цукербергдин жакын досторунун бири, ал Facebookтун түзүлүшүнө салым кошкон. Дастин компаниянын техникалык жагына жооптуу. Ал компаниянын 7,6%дык акциясына ээлик кылат. Азыркы тапта Цукербергдин долбоорунан бөлүнүп, өз алдынча “Asana” компаниясын түзгөн. Учурда анын тапкан каражаты – 4 млрд АКШ долларынан ашык. Бул сумманы кыргыз валютасына чакканда 300 млрд сомго жакын. Бирок канчалык бай болгонуна карабай, автоунаасы жок. Болгону велосипед менен жүрөт. Андан сырткары ар түрдүү кайрымдуулук акцияларына катышып, жакырларга жардам колун сунуп келет.

Эдуардо Саверин – Цукербергдин дагы бир досу. Facebookтун эң алгачы инвесторлорунун бири. Алгач “The Facebook” деп аталчу. Баары Гарвард университетинде окуп жүргөндө башталган. Жаңыдан ачылган Facebook компаниясына Эдуардо Саверин коммерциялык директор болуп дайындалган. Бирок көп өтпөй, Марк менен пикир келишпестиктен улам, экөө эки башка компанияда иштеп калат. 2005-жылы Саверин Маркты сотко берип, 2009-жылы жеңип алган жана Facebook компаниясынын 5% акциясына ээ болгон. Азыр анын кирешеси 2,5 млрд АКШ долларын түзөт. Бул  170 млрд сомго барабар.

Мария Бенье Бевалот  да дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарына кирет. Ал бир туугандары менен сүт азыктарын чыгаруучу Lactalis компаниясын ачкан. Мария  Европага товар жеткирүү тармагын тейлейт. Бул компания дүйнөнүн 148 өлкөсүнө товар экспорттойт.  Алардын эң эле белгилүү продукциясы President сыры. Анын учурдагы каражаты 15 млрд долларга барабар. Сомго которгондо 1 триллиондон ашат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген