FB Twitter YouTube Одноклассники

Дүйнөдөгү эң кооз 9 шаркыратма

“Эгер дүйнөдө керемет күч болгон болсо, ал сууда”, – деп жазган Лорен Айзли. Бул шаркыратмалардын бирөөсүн көрсөңүз эле америкалык жазуучунун айтканына ынанасыз. “Ынтымак” дүйнөдөгү эң кооз 9 шаркыратманы тизмектеди.

Килт Фоллс шаркыратмасы. Шотландиядагы бул Килт Фолсс шаркыратмасы аскадан түшүп, Антлантика океанына кошулат.

Cascata Do Caracol шаркыратмасы. Бразилиянын Канела шаарында жайгашкан. Анча байкала бербейт, бирок абдан кооз. Анын узундугу 131 метрге жетет.

Ниагара шаркыратмасы. Түндүк Американын эң чоң шаркыратмасына кирет.

Игуасу шаркыратмасы. Аргентина өлкөсүнө таандык шаркыратма. Ниагарага караганда бир топ чоң.

Виктория шаркыратмасы. Бул шаркыратманы алгач Африканын күркүрөк түтүнү деп аташчу. Анткени секундасына бир нече миң литр суу бүркүп тургандыктан түтүн сымал көрүнөт. Кийинчерээк ал Виктория деп аталып калган. Дүйнөдөгү эң көлөмдүү шаркыратмага кирет.

Анхель шаркыратмасы. Венесуэлладагы бул шаркыратма дагы өзүнүн кооздугу менен ааламага атагы чыккан.

Брасстаун Фоллс шаркыратмасы. Жорджия штатындагы бул шаркыратма төрт тараптан биригип Чатуга дарясына куюлат.

Ровийоки шаркыратмасы. Норвегиянын Шиботн шаарындагы бул шаркыратма дагы эң кооз шаркыратмалардын катарын толуктайт.

Гюдльфосс шаркыратмасы. Исландия өлкөсүнөдө жайгашкан. Тереңдиги суу түшкөн жеринде 70 метрге жетет. Гюдльфосс шаркыратмасы кышында. Бул мезгилде туристтер абдан көп келет.

Жооп калтыруу

Пикир калтыруу

avatar
wpDiscuz