Дүйнө: АКШда ооруларды көзөмөлдөө борбору вирустун кошумча 6 белгисин кошту. Алар…

Грузия: Коронавируска чалдыккандарды дарылоодо озонотерапиясын колдонушту. Мындан улам Батумиде төрт бейтаптын ичинен үчөөндө вирус жетинчи же тогузунчу күнү жоголгон.

АКШ: Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору өзүнүн тизмесине коронавирустун кошумча 6 белгисин кошту. Симптомдордун толук тизмеси: жөтөл, ысык дене табы, дем алуу көйгөйлөрү, чыйрыгуу, булчуӊдардын оорушу, баш оору, тамак оору (ангина), даам жана жыт алуу сезимдеринин жоголушу.

Берлин: Айлана-чөйрөдөгүлөрдүн илдетти жуктуруп алышынын 44% учурунда вирусту алып жүрүүчүдө оорунун белгилери чыкканга чейин жүрөт. Бул тууралуу жаӊы изилдөөлөргө жана математикалык моделдерге шилтеме берип, Берлин университетинин Charité клиникасынын Вирусология институтун жетектеген профессор Кристиан Дростен билдирди.

Италия: Расмий маалыматтарга ылайык, Испания саламаттык сактоо кызматкерлеринин арасында коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны эӊ көп болгон өлкө болуп саналат.

Улуу Британия: Март айынын аягынан тарта каза болгондордун санынын күн сайын өсүшү азайганын билдирди. Британиянын ооруканаларында коронавирустан каза болгондордун саны 20 миң 732ге чейин өскөн, акыркы 24 сааттын ичинде 413кө көбөйгөн.

Кытай: Бул өлкө тарабынан иштелип чыккан COVID-19 каршы инактивдештирилген вакцина клиникалык сыноолордун экинчи этабына кирди. Аны түзүүгө Кытай илимдер академиясынын Ухань вирусология институтунун адистери катышууда.

Акыркы сааттарга алынган маалыматка таянганда, коронавирус дүйнөнүн дээрлик 3 млн адамына жукту. Айыккандар 87 миңге чукулдап, каза болгондордун саны 206 миңди көрсөттү.

2,973,264 382.37 868,806 206,56

Өзбекстанда мугалимдер президентти вируска каршы күрөшү үчүн мактоого мажбур

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.