COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөндөн кийин сакталуучу эрежелер

“Жарандык дипломатия” коомдук фондунун демилгеси менен биз бул жолу  Кыргызстандагы коронавирустун үчүнчү толкуну жана пандемия башталгандагы күтүүсүз кырдаалга саресеп салабыз.

Кыргызстан учурда коронавирустун үчүнчү толкунуна каршы күрөшүп жатат. Үстүбүздөгү жылдын 26-июлуна карата COVID-19дун жаңы 973 учуру катталды. Бир сутка ичинде 1 миң 568 адам стационардан айыгып чыкса, 12 адам каза тапты.

Коронавирус илдети тарагандан бери жалпы 158 миң 120 адам бул ооруга чалдыккан. Анын ичинен 136 миң 700ү жугуштуу илдеттен айыгып, жеңип чыгышты. Бирок, 2 миң 261 адам оорудан улам көз жумду. Бүгүнкү күндө суткасына  стационарларда 5 миңге жакын адам, амблотордук түрдө 14 миңге жакын бейтап дарыланып жатат.

Жугуштуу илдет Кыргызстанда алгачкы жолу өткөн жылдын март айында катталган. 12-март күнү кичи ажылыктан келген үч жаранда коронавирустун белгилери байкалган. 18-март күнү чет өлкөлүк жарандардын кирүүсүнө тыюу салынып, андан соң карантин кабыл алынган.

COVID-19дун биринчи толкуну кыргыз медицинасын, анын ичинде өкмөттүн дараметин сынады. Дары-дармектер, кычкылтек концентраторлорунун жетишсиздиги байкалган. Ал эми өмүр сакчыларынын талаптарга жооп берчү коргонуу каражаттары тартыш болуп, алардын арасынан да оорунун курмандыктарына айлангандар болду.

Дүйнөнүн токсондон ашуун өлкөсүнө жайылган коронавирустун Индия штаммы өтө кооптуу болуп, илдетти жеңүү оор өтөт. Тилекке жараша саламаттыкты сактоо министрлиги өлкө аймагында индиялык штаммды жуктурган учурлар катталбаганын билдирди. Статистика боюнча  жуктуруулардын 85,7 пайызы Улуу Британиялык, 14,2 пайызы Түштүк Африка штаммдары.

Учурда абалды жакшыртуу боюнча калкты массалык түрдө эмдөө жүрүүдө. Коронавируска каршы эмдөөнү 18 жаштан жогору каалаган жарандар алса болот. Вакцина эки доза менен берилип, аралыгы  4 күндөн 12 күнгө чейин болуусу абзел.

Эске алчу маанилүү жагдай, вакцина алуу алдында турган адамдын дене табы көтөрүлбөгөн жана тамак оорулары жок болушу керек. Ошондой эле өнөкөт оорулары барлардын эмдөөдөн өтүүсү кооптуу. Ал эми аллергия, бронхиалдык астма илдети менен жабыркап жаткандар вакцинаны коркпостон эле алса болоорун дарыгерлер айтышты.

Эскертүү!

  • COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөнгө чейин физикалык абалыңыз кандай болсо, андан кийин да ошондой эле режимде жүрүү сунушталат. Мындан тышкары, вакцина алгандан кийинки күндөрү дагы социалдык аралыкты сактап¸беткап тагып жүрүү сыяктуу гигиеналык эрежелерди аткарганыңыз оң.

  • Эмдөө жөнүндө маалыматты ыкчам алуу, коопсуздукту сактоо  жаатында санариптик программа иштеп жатат. www.vc.emed.gov.kg сайтына кирип, эмдөөгө онлайн жазылып, эмдөө пунктарынын даректерин жана байланыш номерлерин алсаңыз болот.

  • Ошондой эле COVID-19 вакцинасын алгандыгыңыз тууралуу тастыктаманы  жогорудагы сайттын “Күбөлүк” бөлүмүнөн алууга шарт бар. Сертификаттар PDF форматында көрсөтүлөт.

  • Жугуштуу илдетке каршы эмдөөдөн өтүү жол-жоболору боюнча кенен маалыматтарды саламаттыкты сактоо минисрлигинин расмий сайтынан, 118 сурап билүү кызматынан алса болот. Ошондой эле жашаган дарегиңизде жайгашкан фельдшердик-акушердик пункттарына кайрылууга мүмкүн.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.