COVID-19 вакцинасы боюнча суроолор жана жооптор

2020-жылдын март айынан баштап COVID-19 вирустук инфекциясы дүйнөгө жайылды. Учурда дүйнө жүзү боюнча 195 миллиондон ашуун адамдар коронавируска чалдыгып, ооруп жатат.

Бул ооруга байланыштуу жана ошондой эле, аны менен күрөшүүдө эмдөө жөнүндө, көпчүлүктө суроолор жаралат. Аларга жооп катары төмөнкүлөргө көңүлүңүздөрдү бурабыз.

Эмдөө – ооруларга бөгөт коюунун эң мыкты ыкмаларынын бири. Вакцина жыл
сайын дүйнөжүзүндө 2 миллиондон 3 миллионго чейинкиадамдын өмүрүн коргойт. Эмдөө – бул адамды вакцинанын жардамы менен бөгөт коюучу инфекциялардан коргоонун жөнөкөй, коопсуз жана эффективдүү ыкмасы. Эмдөө айрым инфекцияларга карата туруштук берүүнү жогорулатат жана иммундук системаны чыңдайт.

ЭМНЕ ҮЧҮН ЭМДӨӨ МААНИЛҮҮ?

Эмдөө – бул ооруларга бөгөт коюунун жана өмүрдү сактоонун качандыр бир кездегиге караганда азыркы учурдагы кыйла коопсуз жана эффективдүү ыкмасы. Бүгүнкү күндө кептөөр, сенек, көк жөтөл, грипп жана кызылча сыяктуу аз дегенде 20 оорудан коргой турган вакциналар бар.

Эмдөө алуу менен биз өзүбүздү эле эмес, айланадагыларды дагы коргойбуз. Бирок бардык эле адамдар ден соолугунун абалы боюнча эмделе алышпайт. Алар эгерде эмделген адамдардын арасында жашай турган болсо корголушу мүмкүн. Анткени, канчалык көп адам эмделсе, оорунун жайылуу ыктымалдуулугу ошончолук азыраак.

Вакциналар иммундук системага белгилүү бир ооруларга каратаиммундук реакцияны иштеп чыгуу аркылуу инфекциялар менен эффективдүү күрөшүүгө жардам берүү менен жуктуруп алуу тобокелчилигин азайтат.

Вакцина – организмде ооруну чакырбастан иммундук жоопту пайда кылуунун коопсуз жана акылдуу ыкмасы. Вирус же бактериялар сыяктуу кирип келген микробду тааныйт. Антителолорду иштеп чыгат. Антителолор – бул оорулар менен күрөшүү үчүн иммундук система тарабынан иштелип чыгуучу белоктор. Ооруну жана аны менен күрөшүү ыкмаларын эстейт. Эгерде кийин ушул микробдун таасирине дуушар болсоңор, өзүңөрдү начар сезе баштаганга чейин эле иммундук системааны тез арада жок кыла алат.

ЭМДӨӨ ДЕГЕН ЭМНЕ? ВАКЦИНАЛАР КАНДАЙ ТААСИР ЭТЕТ? COVID-19га КАРШЫ ВАКЦИНАЛАРДЫН ЖАНА АЛЛЕРГИЯЛЫК РЕАКЦИЯЛАРДЫН ОРТОСУНДА КАНДАЙ БАЙЛАНЫШ БАР?

Башка вакциналардай эле, COVID-19га каршы вакциналар субфебрилдик температура (дене табынын узак убакытка чейин 37,1 -380Сда кармалышы), ийне сайылган жердеги кызаруу сыяктуу жеңил кыйыр реакцияларды пайда кылышы мүмкүн. Вакциналарга карата көпчүлүк реакциялар жумшак жана бир канча күндүничинде өзүнөн өзү өтүп кетет. Вакциналардын кыйла олуттуу же узакка созулган кыйыр реакциялары болушу мүмкүн, бирок алар өтө сейрек кездешет. Сейрек кыйыр реакцияларды аныктоо үчүн вакциналарга дайыма көзөмөл жүргүзүлүп турат.

COVID-19га каршы вакцинанын кабарланып жаткан кыйыр таасирлери негизинен анчалык катуу эмес, орточо жана кыскамөөнөттөгүлөрү болду.

Аларга: калтыроо, чарчоо, баш оору,булчуңдагы оорутуу, чыйрыгуу, ич өтүү жана ийне сайылган жердеги оорутуу кирет. Эмдегенден кийинки кыйыр реакциялар COVID-19га каршы конкреттүү вакцинага жараша айырмаланат.

ЭГЕРДЕ ЖАГЫМСЫЗ КӨРҮНҮШ ТУУРАЛУУ КАБАРЛАНСА ЭМНЕ БОЛОТ? COVID-19га КАРШЫ ВАКЦИНАНЫН КЫЙЫР ТААСИРЛЕРИ КАНДАЙ? COVID-19га КАРШЫ ВАКЦИНАЛАР КООПСУЗ ЭКЕНДИГИН БИЗ КАНТИП БИЛЕБИЗ?

COVID-19га каршы бардык вакциналардын коопсуздугун камсыздоого жардам берүүчү катуу тартиптеги коргоочаралары бар. БДСУ жана улуттук жөнгө салуучу органдардан тастыктоо алуунун алдында COVID-19га каршы вакциналар, алар эл аралык деңгээлде макулдашылган коопсуздук жана эффективдүүлүккритерийлерине дал келүүсүн далилдөө үчүн дыкат клиникалыксыноолордон өтүүгө тийиш.
Жогорку коопсуздук стандарттарын сактоо менен COVID-19га каршы вакциналарга болгон курч керектөөнү канааттандырууүчүн – мурда болуп көрбөгөндөй илимий кызматташуу COVID-19вакцинасын изилдөө, иштеп чыгуу жана ага уруксат берүүнү өтө кыска мөөнөт ичинде аягына чыгарууга мүмкүнчүлүк берди. Бардык вакциналардай эле, БДСУ жана жөнгө салуучу органдараларды колдонуп жаткандардын бардыгы үчүн коопсуз боюнчакала бере тургандыгын тастыктоо үчүн COVID-19га каршы вакциналарды пайдаланууну дайыма көзөмөлдөп турушат.

РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ БОРБОРУ

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.