COVID-19: Түндүк Казакстан облусунда дагы эки калктуу конуш карантинге жабылды

Түндүк Казакстан облусунда Мамлютка шаары менен Есил районунун административдик борбору эсептелген Явленка айылы карантинге жабылды. Акыркы эки жуманын ичинде бул калктуу конуштарда ондогон адамга COVID-19 жуккан.

12-октябрда карантиндик аймактарга блокпосттор коюлуп, жарандардын кечки саат 10дон таңкы алтыга чейин үйдөн чыгуусуна чектөө киргизилди.

Мындан тышкары Мамлютка шаарында 100 адамга ылайыкташкан карантиндик стационар ачылды. Ушу тапта 58 киши коронавируска тапшырган тесттин жыйынтыгын күтүүдө.

9-октябрда Түндүк Казакстан облусундагы Булаев шаары да карантинге жабылган. Эки жуманын ичинде бул шаарда коронавирус жуктурган 24 учур катталган.

Өткөн суткада Түндүк Казакстан облусунда 11 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Март айынан бери аймакта 3 921 киши COVID-19га чалдыккан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген