COVID-19: Ош шаарындагы убактылуу эмдөө жүргүзүлүүчү жайлардын тизмеси

Ош шаарында COVID-19 вакцинасын ала турган убактылуу эмдөө пункттарынын тизмеси республикалык ден-соолукту чыңдоо борборунда жарыяланды.

Анын айтымында, эмдөө Ош үй-бүлөлүк медицина борборунда, ҮМБнын No1, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, ОшМУнун ден-соолук борборлорунда жана “аэропорт – аба шаарчасында” жасалат.

Мындан сырткары вакцинаны, “Алмалык”, “Сулайман-Тоо”, “Озгур”, “Беш жылдык план”, Сай, Орк, Тээк, Арек, Төлөйкөн, Жапалак ФАПтарында, ошондой эле Гагарин жана Горький атындагы мектептерде, борбордук базарларда, “Глобус”, “Фрунзе” соода борборлорунда алса болот.

Ош шаарындагы жана Ош облусундагы эмдөө пункттарынын так даректери менен бул жерден таанышууга болот.

Эске салсак, 11-июлда Кытайдан өлкөгө Синофарм вакцинасынын 1,25 миллион дозасы келип түшкөн. Бүгүнкү күндө өлкөнүн бардык аймактарында COVID-19га каршы эмдөөлөр жүргүзүлүүдө. Вакцинациядан өтүү үчүн, жарандын жанында паспорту болушу керек.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.