COVID-19: Коронавирусу бар жарандар үчүн аракеттер алгоритми

Эгерде силерде дене табынын жогорулашы, кургак жөтөл, тамактын оорушу же ачышуусу, даам жана жыт сезүүнүн жоголушу, ичтин суюк өтүшү, алсыздык, терчилдик, муундардын сыздашы, булчуңдардын орукусунуусу пайда болсо, анда төмөнкү кадамдарга барыңыз:

Үйдө болгула !

• Үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнөн обочо болгула (мүмкүн болушунча өзүнчө бөлмөдө болуп, үйдүн ичинде ары-бери жүрүүнү чектегиле)

• Гигиенаны сактагыла (беткап тагынгыла, колду тез-тезден жууп тургула, өзүнчө идиш-аяк колдонгула, бөлмөнү үзгүлтүксүз желдетип тургула)

• 118ге же үй-бүлөлүк дарыгерге (ҮМБ) чалгыла, же СМС жөнөткүлө жана силерде симптомдордун бар экендиги тууралуу кабарлагыла

Сунуштар:

• Абдан көп өлчөмдө суюктук (суу, чай, компот) ичүү керек;

• Парацетамол (чоңдорго жана өспүрүмдөргө) күнүнө 2-4 жолу 500 мг же ар бир 4-6 саатта 200- 400 мг Ибупрофен ичүү зарыл;

• Башка өнөкөт оорулар боюнча (гипертензия, кант диабети, жүрөктүн коронардык оорусу, өпкөнүн өнөкөт бүтөлмө оорулары, бронхиалдык астма ж.б.) дарыланууну уланта берсе болот. Жалпы абалга көз салуу керек;

Өзүнүн абалына көзөмөл жүргүзүү эрежелери:

• Дене табыңарды өлчөп туруу керек ;

• Тамырдын кагуу жыштыгын байкоо зарыл;

• Энтигүүнүн/жөтөлдүн пайда болушуна же күчөшүнө көңүл буруу керек;

Ден соолуктун абалы начарлаган учурда (дене табы түшпөй жатса, жөтөл күчөсө, оор дем алуу/энтигүү пайда болсо), андан аркы дарылоонун тактикасын жана ооруканага жаткыруу ыктымалдуулугун аныктоо үчүн бул тууралуу үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу зарыл.

• Өз алдынча антибиотиктерди жана вируска каршы далилденбеген башка дары каражаттарын ичпөө керек;

• Дарыгер көрсөтмөлөр боюнча зарыл болгон дарылоону дайындайт.

Симптомдор байкалган учурда төмөнкүлөр сунушталбайт:

• Медициналык уюмдарга жана лабораторияларга кандын анализдерин тапшыруу жана өпкөгө компьютердик томография жасатуу үчүн өз алдынча келүү керек.

Симптомсуз форма аныкталган учурда, оорулуу менен байланышта болгон жаран, 14 күн обочолонуу режимин аткаруусу зарыл.

Булак: САЛАМАТТЫК САКТОО ЖАНА СОЦИАЛДЫК ӨНҮКТҮРҮҮ МИНИСТРЛИГИ 

file:///C:/Users/admin/Downloads/PAMYaTKA-Algoritm-dlya-naseleniyakirg-1.pdf




Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.