COVID-19 атайын эсебине 35 млн 293 миң 891 сом түштү

Коронавирусга каршы күрөшүү боюнча иш-чараларды өткөрүүгө жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу төлөмдөр жана кайтарымсыз каражаттарды чегерүү жолу менен ачылган КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын эсебине 35 млн 293 миң 891 сом келип түштү.

Мобилдик банкинг аркылуу чегерилген акчалардын эсептери Каржы министрлигинин сайтында жарыяланган.

Өлкө аймагында бүгүн, 26-мартта коронавирус илдетин жуктуруунун жаңы учуру катталган жок. Буга чейин жуктургандардын жалпы саны 44, алардын алтоосу жандандыруу бөлүмүндө.

ИИМ коменданттык саат учурунда тартип бузгандар боюнча маалымат таратты

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген