Cоvid-19: Акыркы суткада Орусияда 108 адам каза болду

Өткөн суткада Орусияда коронавирустан 108 адам көз жумду. Бул тууралуу өлкөнүн ыкчам штабы билдирди.

Каза болгондордун көбү Санкт-Петербург(19) жана Москва(14) шаарларында катталгандыгы маалым болду.

Акыркы статистиканы эсепке алганда, Орусияда коронавирус инфекциясынан жалпы 20 миң 56 адам көз жумду. Ал эми илдетти жуктуруп алган учурлар 1 млндон ашты.

Дүйнөдө вирус жуктуруп алгандардын саны 33 млнго чукулдап, дээрлик 982 миң адам көз жумду.

Вирус кайрадан күчөдү: Акыркы суткада 175 адамдан табылды

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген