COVID-19: 9-сентябрга карата статистика

9-сентябрга карата өлкөдө COVID-19дун жана пневмониянын 104 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Маалым болгондой, алардын 61и Бишкекте, 1и Ошто, 16сы Чүй облусунда, 3 Талас облусунда, 3 Нарын облусунда, 9 Ысык-Көл облусунда, 7 Жалал-Абад облусунда, Баткен районунда 4.

Жалпысынан, пандемиянын бардык мезгили ичинде 176 миң 883 учур катталган.

Бир сутка ичинде 137 бейтап коронавирустан айыкты.

Жалпысынан алганда, 2020-жылдын март айынан бери 171 миң 48 бейтап илдеттен айыгып чыкты.

COVID-19дан бир күндө 2 адам каза болду.

Жалпысынан илдеттин жайылуунун бардык мезгилинде 2 миң 563 адам каза болгон.

Бүгүнкү күндө өлкөдө 698 бейтап стационардык дарыланууда. Амбулатордук дарыланууда – 1 миң 122 бейтап бар.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.