COVID-19: 9-августка карата статистика

8-августка карата республика боюнча бир күндө жалпысынан 483 адамдан COVID-19 жана пневмония аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 281, Ошто 4, Чүйдө 31, Ошто 4, Таласта 7, Нарында 19, Ысык-Көлдө 71, Жалал-Абадда 57, Баткенде 9 учур катталган.

2020-жылдын март айынан бери өлкөдө жалпысынан коронавирустун 169,500 учурлары катталган.

Бир суткада 1 миң 478 бейтап коронавирустан айыкты. Жалпысынан алганда, 156 миң 925 бейтап айыккан.

Бир сутка ичинде COVID-19дан 8 бейтап каза болду: Бишкекте төрт, Чүй облусунда үч, Жалал-Абад облусунда бир өлүм катталды.

2020 -жылдын март айынан бери илдеттен республикада 2 миң 407 адам каза болду.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 7414 адам коронавирустан дарыланып жатат.

4 миң 564 бейтап амбулатордук негизде (үйдө), ооруканаларда – 2 миң 850. Анын ичинде 186 адам өтө оор абалда, 808и оор абалда. 1 миң 831 бейтаптын абалы (же 63,3 пайызы) орточо, 26 бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

Бир сутка ичинде республикада 1360 адам айыкты, алардын ичинен Бишкек шаарында – 987, Ошто – 3, Чүй облусунда – 93, Ошто – 47, Талас – 25, Нарын – 16, Ысык -Көлдө – 13, Жалал -Абадда – 72 , Баткен – 104.

2020 -жылдын март айынын башынан бери 158 миң 285 адам айыгып чыкты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.