COVID-19: 8-сентябрга карата статистика

Кыргызстанда суткасына 97 адамдан коронавирус жана пневмониянын жаңы учурлары аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен маалымдашты.

Белгилүү болгондой алардын ичинде, Бишкек шаарында 47, Ошто – 3, Чүй облусунда – 22, Ошто – 2, Таласта – 2, Нарында – 3, Ысык -Көлдө – 11, Жалал -Абадда – 3, Баткенде – 4 учур катталган.

2020-жылдын март айынан бери, расмий маалымат боюнча, республикада пневмония жана COVID-19дун жалпы 176 миң 779 учуру катталган.

Бир суткада төрт адам коронавирустан көз жумду: үч өлүм Бишкекте, бирөө Чүй облусунда катталган.

Расмий маалымат боюнча, 2020 -жылдын март айынан бери өлкөдө 2,561 адам коронавирустан көз жумган.

Бүгүн 1 миң 855 адам коронавирустан дарыланууда: Амбулатордук (үйдө) 1 миң 134 бейтап, ооруканаларда – 721 бейтап бар. Анын ичинде 65 адам, өтө оор абалда, 217 – оор абалда. 435 бейтаптын абалы (же 60 пайызы) орточо деп бааланат, төрт бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Бир сутка ичинде республикада 166 адам айыкты, алардын ичинен Бишкек шаарында – 81, Ошто – 1, Чүй облусунда – 31, Ошто – 3, Таласта – 5, Нарында – 5, Ысык -Көлдө – 34, Жалал -Абадда – 5 , Баткен – 1.

2020 -жылдын март айынын башынан бери расмий маалымат боюнча 170 миң 911 адам айыгып кеткен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.