COVID-19: 8-октябрга карата статистика

Кыргызстанда бир суткада коронавирус жана пневмония илдеттеринин 84 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 45, Ошто 3, Чүй облусунда 24, Ысык-Көл облусунда 9, Жалал-Абадда 1, Баткен облусунда 2 учур катталды.

2020-жылдын март айынан бери, расмий маалыматка ылайык, республикада пневмония жана COVID-19 179 120 адамда табылган.

Бир күндө илдеттен эки адам көз жумду: бир учур Бишкек шаарында жана дагы бирөө Ысык-Көл облусунда катталды. Маркумдарга эмдөө жүргүзүлгөн эмес.

Расмий маалымат боюнча, 2020 -жылдын март айынан бери өлкөдө 2616 адам көз жумган.

Коронавирустан учурда өлкөдө 1,143 адам дарыланып жатат. 703 адам амбулатордук негизде (үйдө), ооруканаларда – 440. Анын ичинде 26 адам өтө оор абалда, 140 оор абалында. 273 бейтаптын абалы (же 62 пайызы) орто деп бааланууда, бирөөнүн абалы канааттандырарлык.

Бир сутка ичинде республикада 77 адам айыкты, анын ичинен Бишкек шаарында – 31, Ошто – 1, Чүй облусунда – 22, Ошто – 3, Таласта – 1, Нарында – 2, Ысык -Көлдө – 10, Жалал -Абадда – 6 , Баткен – 1.

2020 -жылдын март айынын башынан бери, расмий маалымат боюнча, 173 873 адам айыгышкан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.