COVID-19: 7-сентябрга карата статистика

Кыргызстанда бир күндө коронавирус жана пневмония илдеттеринин жаңы 100 учурлары аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Анын айтымында, Бишкек, Чүй облусунда – 26, Ошто – 3, Таласта – 3, Нарында – 2, Ысык -Көлдө – 19, Жалал -Абадда – 3, Баткенде – 40 учур катталган.

2020-жылдын март айынан бери, расмий маалымат боюнча, өлкөдө COVID-19 176 миң 682 адамда катталган.

Бир сутка ичинде үч адам коронавирустан көз жумду: Бишкекте бир, Талас облусунда бирөө жана Чүй облусунда бир өлүм катталды.

Расмий маалымат боюнча, 2020 -жылдын март айынан бери өлкөдө 2,557 адам коронавирустан көз жумган.

Бүгүнкү күндө 1928 адам коронавирустан дарыланууда: 1,139 бейтап амбулатордук негизде (үйдө), ооруканаларда – 789. Анын ичинде 68 адам өтө оор абалда, 227 оор абалда. 491 бейтаптын абалы (же 62,2 пайызы) орточо деп бааланса, үч бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Бир сутка ичинде республикада 121 адам айыкты, алардын ичинен Бишкек шаарында – 37, Ошто – 2, Чүй облусунда – 47, Ошто – 2, Таласта – 10, Нарында – 4, Ысык -Көлдө – 11, Жалал -Абадда – 3 , Баткен – 5.

2020 -жылдын март айынын башынан бери расмий маалымат боюнча, 170 миң 745 адам айыгып чыкты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.