COVID-19: 7-октябрга карата статистика

Кыргызстанда бир күндө коронавирус менен пневмониянын жаңы 104 учурлары аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Анын айтымында, Бишкекте 69, Ошто 1, Чүй облусунда 18, Ысык-Көлдө 10, Жалал-Абадда 5, Баткенде 1 учур катталган.

2020-жылдын март айынан бери, расмий маалымат боюнча, республикада жугуштуу илдеттен 179 миң 36 адам жабыркаган.

Бир күндө коронавирус илдетинен эки адам көз жумду: бир учур Бишкек шаарында жана дагы бир учур Чүй облусунда катталды. Маркумдарга эмдөө жүргүзүлгөн эмес.

Расмий маалымат боюнча, 2020 -жылдын март айынан бери өлкөдө оорудан 2614 адам каза тапкан.

Учурда өлкөдө 1,141 адам коронавирустан дарыланууда: 690 адам амбулатордук негизде (үйдө), ооруканаларда – 451. Анын ичинде 25 адам өтө оор абалда, 154 адам оор абалда. 272 бейтаптын абалы (же 60,3 пайызы) орточо деп бааланса, экөөнүн абалы канааттандырарлык.

Бир сутка ичинде республикада 84 адам айыкты, алардын ичинен Бишкек шаарында – 42, Ошто – 3, Чүй облусунда – 14, Талас – 4, Нарын – 7, Ысык -Көлдө – 12, Жалал -Абадда – 1, Баткенде – 1.

2020 -жылдын март айынын башынан бери, расмий маалымат боюнча, коронавирустан 173 796 адам айыккан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.