COVID-19: 7-июлга карата статистика

Кыргызстанда акыркы сутка ичинде жугуштуу пневмония жана COVID-19 ооруларынын 1198 учуру аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 717, Ош шаарында 60, Чүйдө 142, Ошто 75, Таласта 4, Нарында 20, Ысык-Көлдө 39, Жалал-Абадда 53, Баткенде 88 учур катталган.

2020-жылдын март айынан бери республикада жугуштуу пневмония жана COVID-19 ооруларынын 134 миң 501 учуру катталды.

Жайылуунун ылдамдыгы (көбөйүү саны Rt) 1,6.

Бир сутка ичинде өлкөдө дагы тогуз адам коронавирустан көз жумду: Бишкекте төрт, Чүйдө экөө, Баткенде эки, Жалал-Абадда бир өлүм катталды.

2020-жылдын март айынан бери республикада 2 миң 63 адам каза болду.

Бүгүнкү күндө 16 миң 568 адам коронавируска каршы дарыланууда: 12 миң 315 бейтап амбулатордук шартта (үйдө), ооруканаларда 4 миң 253 адам дарыланат. Анын ичинде 184 адам – ​​өтө оор абалда, 1 миң 193 – оор абалда. Бейтаптардын басымдуу бөлүгүнүн абалы – 2 миң 818 адам (же 66,2 пайыз) – орто оор деп бааланып, 58 бейтап канааттандырарлык абалда.

Бир сутка ичинде республикада 781 бейтап айыкты, анын ичинен Бишкек шаарында – 358, Ош шаарында – 73, Чүй облусунда – 99, Ошто – 94, Таласта – 8, Нарында – 27, Ысык-Көлдө – 29, Жалал-Абадда – 62 , Баткен – 31.

2020-жылдын март айынын башынан бери 114 миң 756 адам айыккан.

Бир күндүн ичинде 38 медициналык кызматкер коронавируска чалдыккан: Бишкек шаарында 12, Ош шаарында – 2, Баткен облусунда – 4, Жалал-Абадда – 11, Чүйдө – 5, Ошто – 2, Ысык-Көлдө – 2 катталган.

Бир сутка ичинде калыбына келтирүү менен, 11 медициналык кызматкер ооруканалардан, ал эми 18 үй изоляциясынан чыгышты.

COVID-19 диагнозу коюлган медициналык кызматкерлердин жалпы саны 5 миң 682, алардан 5 миң 32 адам айыгып кетишти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.