COVID-19: 6-октябрга карата статистика

Кыргызстанда суткасына коронавирус менен пневмониянын 80 жаңы учурлары аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Анын айтымында, Бишкек, Чүй облусунда – 22, Ошто – 1, Таласта – 2, Нарында – 1, Ысык -Көлдө – 8, Жалал -Абадда – 5, Баткенде – 1 учур катталган.

2020-жылдын март айынан бери, расмий маалыматка ылайык, республикада 178 932 адамдан COVID-19 оорусу катталган.

Өлкодө жалпы 1,122 адам коронавирустан дарыланып жатат. 676 адам амбулатордук негизде (үйдө), ооруканаларда – 446. Анын ичинде 20 адам өтө оор абалда, 158и оор абалда. 266 бейтаптын абалы (же 59.6 пайызы) орточо деп бааланган, экөөнүн абалы канааттандырарлык.

Бир сутка ичинде республикада 90 адам айыкты, анын ичинен Бишкекте 40, Чүй облусунда 31, Ошто 2, Таласта 2, Нарында 1, Ысык-Көлдө 14 адам.

2020 -жылдын март айынын башынан бери, расмий маалымат боюнча, илдеттен 173 712 адам айыгып кеткен.

Бир күндө коронавирустан эки адам көз жумду. Эки окуя тең Бишкек шаарында катталды. Маркумдарга эмдөө жүргүзүлгөн эмес.

Расмий маалымат боюнча, 2020 -жылдын март айынан бери өлкөдө жугуштуу илдеттен 2,612 адам каза болушту.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.