COVID-19: 5-октябрга карата статистика

Кыргызстанда бир күндө коронавирус менен пневмониянын жаңы 69 учурлары аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Анын айтымында, Бишкек, Чүй облусунда – 21, Таласта – 1, Ысык -Көлдө – 9, Жалал -Абадда – 6 учур катталган.

Расмий маалымат боюнча, 2020-жылдын март айынан бери республикада 178 852 адамдан COVID-19 оорусу катталган.

Коронавирустан 1135 адам дарыланууда: 684 адам амбулатордук негизде (үйдө), ооруканаларда – 451. Анын ичинде 24 адам өтө оор абалда, 154 адам оор абалда. 272 бейтаптын абалы (же 60,3 пайызы) орточо деп бааланууда, биринин абалы канааттандырарлык.

Бир сутка ичинде республикада 84 адам айыкты, анын ичинен Бишкек шаарында – 36, Чүй облусунда – 19, Ошто – 1, Таласта – 5, Нарында – 6, Ысык -Көлдө – 15, Жалал -Абадда – 1, Баткенде – 1.

2020 -жылдын март айынын башынан бери, расмий маалымат боюнча, илдеттен 173 622 адам айыгып кеткен.

Бир сутка ичинде коронавирустан эки адам көз жумду: эки окуя тең Бишкек шаарында катталган. Маркумдарга эмдөө жүргүзүлгөн эмес.

Расмий маалымат боюнча, 2020 -жылдын март айынан бери өлкөдө жугуштуу илдеттен 2610 адам каза болду.

Бир сутка ичинде үч медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды: бир учур Бишкекте, Чүй облусунда бир жана Ысык-Көл облусунда бир учур катталды.

Бир медициналык кызматкер айыгуу менен күндүз ооруканадан чыгарылды, төртөө үй изоляциясынан чыгарылды.

COVID-19 диагнозу коюлган медициналык кызматкерлердин жалпы саны 6 миң 842, анын ичинен 6 миң 676 адам айыгып чыкты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.