COVID-19 : 5-июлга карата статистика

Өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19дун жана жугуштуу пневмониянын 1 437 учуру аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинен маалымдашты.

Анда маалымдалгандай, Бишкек шаарында 924, Ош шаарында 71, Чүй облусунда 142, Ош облусунда 85, Талас облусунда 10, Нарын облусунда 7, Ысык-Көл облусунда 33, Жалал-Абад облусунда 78,
Баткен облусунда 87 учур катталган.

Бир сутка ичинде илдеттен 568 оорулуу айыкты: Бишкекте – 315, Ошто – 65, Чүй облусунда – 54, Ош облусунда – 33, Нарын облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абадда облусу – 58, Баткен району – 13.

Жалпысынан, ушул мезгил аралыгында 113 миң 212 адам сакайган.

COVID-19дан бир күндө 9 өлүм катталды: Бишкек шаарында – 3, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 1, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 1.

Жалпысынан, ушул мезгил аралыгында 2 миң 46 адам көз жумган, алардын 784 лабораториялык, 1 миң 262 клиникалык-эпидемиологиялык жактан тастыкталган.

Медицина кызматкерлеринин ичинен бир суткада COVID-19 34 адамда катталды: Бишкекте – 5, Ошто – 3, Чүй облусунда – 3, Ош облусунда – 9, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 9.

Жалпысынан, пандемиянын бардык мезгилинде 5714 саламаттыкты сактоо кызматкерлери коронавирусту жуктуруп, 4979у айыгып кетишкен.

Учурда стационардык дарыланууда 4126 бейтап бар: Бишкек шаарында – 1682, Ош шаарында – 264, Чүй облусунда – 835, Ош облусунда – 435, Талас облусунда – 42, Нарын облусунда – 104, Ысык-Көл облусунда – 278, Жалал-Абад шаарында -Абад облусу – 309, Баткен облусу – 177.

Алардын 100үнүн абалы канааттандырарлык, 2 миң 657инин оордугу орто, 1 миң 193үнүн абалы оор, 176сынын абалы оор экени көрсөтүлгөн.

11 миң 589 бейтап амбулатордук дарыланууда: Бишкекте – 7 миң 33, Ошто – 795, Чүй облусунда – 1 миң 120, Ош облусунда – 673, Талас облусунда – 156, Нарын облусунда – 86, Ысык- Көл облусу – 141, Жалал-Абад облусу – 869, Баткен облусу – 716.

Мындан тышкары, күнүнө 6 миң 356 ПТР изилдөөсү жүргүзүлдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.