COVID-19: 30-сентябрга карата статистика

Кыргызстанда бир күндө коронавирус менен пневмониянын жаңы 88 учуру аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, Бишкек шаарында, Чүй облусунда – 15, Ошто – 1, Таласта – 1, Ысык -Көлдө – 12, Жалал -Абадда – 3, Нарында – 2 учур катталган.

Расмий маалымат боюнча, 2020-жылдын март айынан бери республикада жалпы 178 532 адамда COVID-19 оорусу катталган.

Коронавирустан бир күндө эки адам көз жумду: Бишкек шаарында бир учур жана Баткен облусунда дагы бир учур катталды. Маркумдарга эмдөө жүргүзүлгөн эмес.

2020 -жылдын март айынан бери, расмий маалымат боюнча, өлкөдө илдеттен 2 миң 607 адам көз жумду.

Өлкөдө учурда жугуштуу оорудан 1,238 адам дарыланып жатат. 808 адам амбулатордук негизде (үйдө), ооруканаларда – 430. Анын ичинде 26 адам өтө оор абалда, 140 адам оор абалда. 263 бейтаптын абалы (же 61.1 пайызы) орточо деп бааланган, 41 бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Бир сутка ичинде республикада 104 адам айыкты, анын ичинен Бишкек шаарында – 35, Ошто – 6, Чүй облусунда – 25, Ошто – 2, Таласта – 5, Нарында – 6, Ысык -Көлдө – 19, Жалал -Абадда – 3 , Баткен – 3.

2020 -жылдын март айынын башынан бери, расмий маалымат боюнча, илдеттен 206 адам айыгып кеткен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.