COVID-19: 30-декабрга карата статистика

Кыргызстанда 30-декабрга карата коронавирус дагы 41 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Алар:

Бишкек шаарына – 24, Ош шаарына – 1, Чүй облусунда – 4, Ош облусунда – 4, Талас облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Өткөн суткада 48 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду. Стационарларда коронавирустан 255 бейтап, амбулатордук түрдө 315 адам дарыланууда.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.