COVID-19: 3-сентябрга карата статистика

Кыргызстанда суткасына COVID-19дун жана пневмониянын жаңы 175 учурлары аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.

Анын айтымында, 85 учур Бишкек шаарында, Чүй облусунда – 31, Ошто – 3, Таласта – 4, Нарында – 2, Ысык -Көлдө – 32, Жалал -Абадда – 8, Баткенде – 10 катталган.

2020-жылдын март айынан бери, расмий маалымат боюнча, республикада пневмония жана COVID-176дан жуккан 176 миң 193 учур катталды.

Бир сутка ичинде беш адам коронавирустан көз жумду: Бишкекте эки адам, Чүй облусунда эки, бирөө Нарын облусунда каза болушту.

Расмий маалымат боюнча, 2020 -жылдын март айынан бери өлкөдө 2,541 адам коронавирустан көз жумган.

Бүгүнкү күндө 1939 адам коронавирустан дарыланып жатат: 960 пациент амбулатордук негизде (үйдө), ооруканаларда – 979. Анын ичинде 83 адам өтө оор абалда, 260 оор абалда. 613 бейтаптын абалы (же 63.8 пайызы) орточо деп бааланат, төрт бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Бир сутка ичинде республика боюнча 92 адам айыкты, алардын ичинен Бишкек шаарында – 25, Ошто – 3, Чүй облусунда – 28, Ошто – 4, Таласта – 5, Нарында – 3, Ысык -Көлдө – 12, Жалал -Абадда – 5 , Баткен – 7.

2020 -жылдын март айынын башынан бери расмий маалымат боюнча, 170 миң 261 адам айыгып чыкты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.