COVID-19: 29-сентябрга карата статистика

Кыргызстанда коронавирустун жана пневмониянын жаңы 69 учурлары аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 38 учур катталган, Чүй облусунда – 17, Ошто – 4, Ысык -Көлдө – 9, Баткенде – 1.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2020-жылдын март айынан бери, республикада жалпы 178 444 адам коронавирус менен катталган.

Илдеттен суткасына бир адам көз жумду. Учур Чүй облусунда катталган. Маркум эмдөөдөн өткөн эмес.

2020 -жылдын март айынан бери, расмий маалымат боюнча, өлкөдө 2 миң 605 адам коронавирустан каза тапкан.

Учурда өлкөдө 1 257 адам коронавирустан дарыланууда. 803 адам амбулатордук негизде (үйдө), ооруканаларда – 454 бейтап бар. Анын ичинде 34 адам өтө оор абалда, 144 адам оор абалда. 273 бейтаптын абалы (же 60,1 пайызы) орточо оор деп бааланууда.

2020 -жылдын март айынын башынан бери илдеттен 173 миң 102 адам айыккан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.