COVID-19: 28-июлга карата статистика

28-июлга карата республикада бир сутка ичинде коронавирустун жана пневмониянын жалпысынан 996 жаңы учурлары катталды. Бул тууралуу республикалык штабдын билдиришти.

Маалымат боюнча, Бишкек шаарында – 603, Ош шаарында – 9, Чүй облусунда – 126, Ош облусунда – 26, Талас облусунда – 12, Нарын облусунда – 14, Ысык-Көл облусунда – 56, жылы Жалал-Абад облусу – 91, Баткен облусу – 58.

Өлкөдө жалпысынан, пандемиянын бардык мезгилинде 160 миң 85 учур катталган.

Бир күндө коронавирустан 1 миң 723 бейтап айыгып кетти.

Жалпысынан ушул мезгил аралыгында 140 миң 39 бейтап илдеттен сакайышкан.

COVID-19дан бир суткада 13 адам каза болду.

Жалпысынан, ушул мезгил аралыгында 2 миң 228 адам көз жумган.

3 миң 928 бейтап стационардык дарыланууда.

12 миң 528 бейтап амбулатордук дарылануудан өтүп жатат.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.