COVID-19: 26-июлга карата статистика

Республикалык штаб 26-июлга карата коронавирус жана пневмония боюнча статистиканы жарыялады.

Анда, бир суткада COVID-19дан 1568 адам айыкканы белгилүү болду:

  • Бишкек – ​​1 087;
  • Ош – 46;
  • Чүй облусу – 148;
  • Ош облусу – 67;
  • Талас облусу – 4;
  • Нарын облусу – 7;
  • Ысык-Көл облусу – 47;
  • Жалал-Абад облусу – 74;
  • Баткен облусу – 88.

Жалпысынан, пандемиянын бардык мезгилинде – 136 700 бейтап сакайып кеткен.

Өткөн суткада коронавирустун жана пневмониянын жаңы учурлары аныкталды:

  • Бишкек – ​​637;
  • Ош – 23;
  • Чүй облусу – 72;
  • Ош облусу – 12;
  • Талас облусу – 18;
  • Нарын облусу – 18;
  • Ысык-Көл облусу – 39;
  • Жалал-Абад облусу – 92;
  • Баткен облусу – 62.

Жалпысынан бир күндө 973 жаңы учур катталды. Пандемиянын бардык мезгилдин ичинде жалпы 158 120 адам ооруга чалдыккан.

4 187 бейтап стационардык дарыланууда, анын ичинен 243ү өтө оор абалда, амбулатордук дарыланууда – 13 691.

Өткөн суткада 5067 ПЦР изилдөөсү жүргүзүлдү.

Бир сука ичинде коронавирустан 12 өлүм катталды – сегизи Бишкекте, төртөө Чүй облусунда.

Илдеттин жайылышын бардык мезгилинде, жалпы 2261 өлүм катталды. Июль айынын башынан бери 233 бейтап каза болду.

Акыркы сутка ичинде 11 медициналык кызматкерден COVID-19 вирусу табылды.

Ал эми бир суткада 21 медициналык кызматкер ооруканалардан, дагы 27си үйдөн өзүн-өзү изоляциядан айыгып, чыгышты.

COVID-19 диагнозу коюлган медициналык кызматкерлердин жалпы саны 6354тү түзөт, алардын ичинен 5651 адам айыгуу менен чыгарылды.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.