COVID-19: 24-сентябрга карата статистика

Өлкөдө бир сутка ичинде коронавирус менен пневмониянын жаңы 87 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен маалымдашты.

Белгилүү болгондой, Бишкекте 41 учур, Чүй облусунда – 16, Ошто – 4, Таласта – 2, Нарында – 5, Ысык -Көлдө – 12, Жалал -Абадда – 4, Баткенде – 3 учур аныкталган.

Расмий маалымат боюнча, 2020-жылдын март айынан бери республикада пневмония жана COVID-19 илдеттери жалпы 178 123 адамда катталган.

Бир күндө коронавирус илдетинен эки адам көз жумду: бир учур Чүй жана Жалал-Абад облустарында катталды.

Расмий маалымат боюнча, 2020 -жылдын март айынан бери өлкөдө жугуштуу илдеттен 2 597 адам каза тапкан.

Учурда өлкөдө 1 393 адам дарыланууда. 858 адам амбулатордук негизде (үйдө), ооруканаларда – 535. Анын ичинде 42 адам өтө оор абалда, 165и оор абалда. 328 бейтаптын абалы (же 61.3 пайызы) орточо оор деп бааланууда.

Бир сутка ичинде республика боюнча 92 адам айыкты, алардын ичинен Бишкек шаарында – 48, Ошто – 1, Чүй облусунда – 17, Ошто – 2, Таласта – 2, Нарында – 7, Ысык -Көлдө – 11, Жалал -Абадда – 2 , Баткен – 2.

2020 -жылдын март айынын башынан бери расмий маалымат боюнча 172 миң 657 адам айыгып чыккан.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.