COVID-19: 23-июлга карата статистика

23-июлга карата республика боюнча бир сутка ичинде жалпысынан 1 миң 127 адамдан COVID-19дун жана пневмониянын жаңы учурлары катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинен Бишкек шаарында – 678, Ош шаарында – 22, Чүй облусунда – 134, Ош облусунда – 37, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 19, Ысык-Көл облусунда – 54, жылы Жалал-Абад облусу – 94, Баткен облусу – 82.

Жалпысынан, март айынан бери 155 миң 5 учур катталган.

Таралышынын коэффициенти (көбөйүү саны (жугуштуу) Rt 0,9.

Бир күн ичинде коронавирустан 1396 бейтап айыкты: алар Бишкек шаарында – 883, Ошто – 24, Чүй облусунда – 196, Ош облусунда – 48, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 21, Ысык-Көл облусунда – 29, Жалал-Абад облусу – 94, Баткен облусу – 98.

Ушул мезгилге чейин өлкөдө жалпы 132 миң 138 бейтап айыккан.

COVID-19дан бир суткада 10 өлүм катталды: Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 2, Талас облусунда – 2, Жалал-Абадда – 1.

Жалпысынан, ушул мезгил аралыгында 2 миң 227 адам каза болду.

Бир суткада медициналык кызматкерлердин ичинен COVID-19 28 адамда аныкталды: Бишкек шаарында – 12, Чүй облусунда – 1, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 1, Жалал-Абад облусунда – 7, Баткенде облус – 5.

Жалпысынан пандемиянын бардык мезгилинде 6 миң 295 медициналык кызматкер коронавирусту жуктуруп, 5 миң 533 адамдын ден соолугу калыбына келтирилген.

4 миң 229 бейтап стационардык дарылоодон өтүп жатат.

Алардын 53үнүн абалы канааттандырарлык, 2 миң 741инин оордугу орто, 1 миң 186сынын абалы оор, 243үнүн абалы өтө оор экени көрсөтүлгөн.

15 миң 845 бейтап амбулатордук дарыланууда.

Мындан тышкары, күнүнө 9 миң 116 ПЦР изилдөөсү жүргүзүлдү.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.