COVID-19: 22-сентябрга карата статистика

Кыргызстанда суткасына пневмония жана COVID-19 жаңы 72 учурлары катталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 37, Ошто – 1, Чүйдө – 6, Ошто – 1, Таласта – 4, Нарында – 2, Ысык -Көлдө – 14, Жалал -Абадда – 4, Баткенде – 3 учур катталган.

Расмий маалымат боюнча, 2020-жылдын март айынан бери республикада 177 941 жамааттык пневмония жана COVID-19 оорусу катталган.

Бир суткада коронавирустан үч адам көз жумду: бир өлүм Бишкекте, экөө Ысык-Көл облусунда катталды.

Расмий маалымат боюнча, 2020 -жылдын март айынан бери өлкөдө илдеттен 2 595 адам көз жумган.

Кыргызстанда 1404 адам коронавирустан дарыланып жатат: 862 адам амбулатордук негизде (үйдө), ооруканаларда – 542. Анын ичинде 49 адам өтө оор абалда, 165и оор абалда. 327 бейтаптын абалы (же 60,3 пайызы) орточо деп бааланууда, бир бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Бир сутка ичинде республикада 100 адам айыкты, алардын ичинен 45и Бишкекте, 24ү Чүйдө, 4ү Ошто, 2си Таласта, 2сү Нарында, 17си Ысык-Көлдө, 4ө Жалал-Абадда жана 2 адам Баткенде.

2020 -жылдын март айынын башынан бери, расмий маалымат боюнча, жалпы 172 469 адам коронавирус илдетинен айыгып кеткен.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.