COVID-19: 21-сентябрга карата статистика

Өлкөдө бир сутка ичинде коронавирус менен пневмониянын жаңы 89 учур аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Анын айтымында, Бишкек, Чүй облусунда – 17, Ошто – 1, Таласта – 2, Нарында – 1, Ысык -Көлдө – 6, Жалал -Абадда – 6, Баткенде – 53 учур катталган.

Расмий маалымат боюнча, 2020-жылдын март айынан бери республикада илдет жалпысынан 177 869 адамда катталган.

Бир күндө коронавирустан эки адам көз жумду: эки учур тең Бишкекте катталган.

Расмий маалымат боюнча, 2020 -жылдын март айынан бери өлкөдө 2 592 адам коронавирустан көз жумган.

Кыргызстанда учурда илдеттен 1436 адам дарыланууда. 865 адам амбулатордук негизде (үйдө), 571и ооруканаларда дарыланып жатышат: анын ичинен 51 адамдын абалы өтө оор, 169унун абалы оор. 349 бейтаптын абалы (же 61.1 пайызы) орточо деп бааланат, эки бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Бир сутка ичинде республикада 108 адам айыкты, алардын ичинен Бишкек шаарында – 47, Чүй облусунда – 10, Ошто – 3, Таласта – 8, Нарында – 5, Ысык -Көлдө – 12, Жалал -Абадда – 10, Баткенде – 13. .

2020 -жылдын март айынын башынан бери расмий маалымат боюнча 172 миң 369 адам айыгып чыкты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.