COVID-19: 21-июлга карата статистика

Кыргызстанда бир күндө коронавирустун жана пневмониянын 1 миң 102 жаңы учурлары аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 827 учур катталды, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда – 65, Ошто – 24, Таласта – 9, Нарында – 12, Ысык-Көлдө – 55, Жалал-Абадда – 20, Баткенде – 80.

2020-жылдын март айынан бери республикада жугуштуу пневмония жана COVID-19 ооруларынын 152 миң 709 учуру катталган.

Таралышынын коэффициенти (көбөйүү саны Rt) 1.

Бир суткада дагы тогуз адам коронавирустан көз жумду: Бишкек шаарында беш, Чүй облусунда үч, Нарын облусунда бир өлүм катталды.

2020-жылдын март айынан бери республикада 2 миң 205 адам каза болду.

Бир сутка ичинде 30 медициналык кызматкер коронавируска чалдыкты: Бишкек шаарында 20, Ошто бир, Баткенде төрт, Чүйдө үч, Ош жана Жалал-Абадда бир учур катталган.

Калыбына келтирүү менен бир суткада сегиз медициналык кызматкер ооруканалардан, 21 адам үй изоляциясынан чыгышты.

COVID-19 диагнозу коюлган медициналык кызматкерлердин жалпы саны 6 миң 238, алардын ичинен 5 миң 464 адам айыккан.

Өлкөдө учурда коронавируска каршы 20 миң 365 адам дарыланууда.

15856 бейтап амбулатордук шартта (үйдөн), ооруканалардан – 4509 дарыланып жатат, алардын ичинен 232 адамдын абалы өтө оор, 1 миң 305инин абалы оор. Бейтаптардын басымдуу бөлүгүнүн абалы – 2 миң 937 адам (же 65,1 пайыз) – орто оор деп бааланып, 35 бейтап канааттандырарлык абалда.

Бир сутка ичинде республикада 1 миң 213 бейтап айыкты: Бишкек шаарында – 813, Ош облусунда – 84, Чүй облусунда – 122, Ош шаарында – 25, Талас шаарында – 5, Нарын шаарында – 5, Ысык-Көлдө – 8, Жалал-Абад шаарында – 63, Баткен – 88.

2020-жылдын март айынын башынан бери 128 миң 905 адам айыгып кетти.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.