COVID-19: 20-сентябрга карата статистика

Өлкөдө бир сутка ичинде коронавирус менен пневмониянын жаңы 58 учуру аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен маалымдашты.

Анын айтымында, Бишкек шаарында, Чүй облусунда – 6, Таласта – 1, Нарында – 1, Ысык -Көлдө – 9, Жалал -Абадда – 5 учур катталган.

Расмий маалымат боюнча, 2020-жылдын март айынан бери республикада илдеттин жалпы 177 780 учур катталган.

Бир күндө эки адам коронавирустан көз жумду: эки учур тең Чүй облусунда катталган.

2020 -жылдын март айынан бери, расмий маалымат боюнча, өлкөдө коронавирустан 2 590 адам көз жумган.

Кыргызстанда 1459 адам коронавирус инфекциясынан дарыланып жатат: 868 адам амбулатордук негизде (үйдө), ооруканаларда – 591. Анын ичинде 48 адам өтө оор абалда, 172си оор абалда. 366 бейтаптын абалы (же 61.9 пайызы) орточо деп бааланат, беш бейтаптын абалы канааттандырарлык.

Бир сутка ичинде республика боюнча 72 адам айыкты, алардын ичинен Бишкек шаарында – 39, Чүй облусунда – 10, Талас – 5, Ысык -Көлдө – 9, Жалал -Абадда – 4, Баткенде – 5.

2020 -жылдын март айынын башынан бери расмий маалымат боюнча 172 миң 261 адам айыгып чыкты.

Пикир калтыруу

Сиздин E-mail дарек жарыяланбайт! Керектүү талаалар жылдызча менен белгиленген

This site uses Akismet to reduce spam. Learn how your comment data is processed.